14 жигит зордуктаган кыздын адвокаты айласын таппай жатат

15 май 2018 11:42 2466 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандык жактоочу Айман Умарова өзү ишин карап жаткан кыздын каршылаштары менен кантип кармашарын билбей жатат.Бул тууралуу Newtimes.kz булагы кабарлады.

22 жаштагы костанайлык кызды үч ирет айылдаш жигиттер зордукташкан. Мындай аракеттердин биринде кызга дароо 14 жигит кол салган.     

 Кыз коркконунан бул тууралуу эч кимге айта албай жүргөн. Бул коркунучтуу окуялар 2017-жылы июль айында классташ кызынын үйлөнүү үлпөтүндө башталган.

Аны даараткананын жанынан кармап алышып төрт бала күчтөп унаага салып кетип, зомбулук көрсөтүшкөн.

Август айында окуя кайталанып, үйүнө кайтып келе жаткан жерден дагы 14 бала кармап алып күч колдонгон.

Сентябрь айында дагы үч жигит күч колдонгон.

2018-жылы 19-апрелде гана кош бойлуу кыз арыз жазууга бел байланган. Жактоочу Айман Умарова 14 жигит жалдаган 14 адвокат менен кармашууга бел байлап жаткан чагы.

Учурда кыздын өзүн жашырып коюшту, анткени ишти иликтеген милициялар да кызга кысып көрсөткөн имиш.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14454



Добавить комментарий