Байбичеси менен токолдорун бактылуу кылган эл башчылар

15 май 2018 12:01 2096 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Көп аял алуу – Батыш элдеринде жайылган деп айтуу катачылык. Чыгыш жана африканын өлкөлөрүндө бир нече аялдары бар көптөгөн адамдар кездешет. Алардын арасында керек болсо өлкө башчылары да бар. Бул тууралуу “woman.ru” сайты билдирет. 
Полигамдуу үй-бүлөдө өмүр сургөндөр өз сүйүктүүсүн башка менен бөлүшүүгө көнүп калышкан. Мисалы, күйөөсү башка аял менен бактылуу болгон байбиче анын бир нече токол алуусуна каршы болбогон учурлар да кездешет. 
Бирок эркектер үчүн бул оңой нерсе эмес. Себеби бир нече аял деген бактылуулукка балкуу гана эмес, өлуттуу каржылык чыгымга батуу дегенди да билдирет. Анткени, ар бир аял менен андан төрөлгөн балдарды багуу ар бир эркектин чөнтөгүнө чак келбөөсү мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Чыгыш жана Африка өлкөлөрүндө полигамдуу үй-бүлөнү багып кете алгандардын арасында материалдык абалы жакгы кесипкөйлөр менен бизнесмендер кездешет.
Көп аял алууну колдогон кайсы эл башчыларды билебиз?
 
Араб эмирлигинин премьер-министри Мухаммед ибн Рашид Аль Мактум, 68 жашта
6 аялы бар
 
Свазиленд королу Мсвати III, 50 жашта
14 аялы бар
 
 
Бутандын мурунку башчысы Джигме Сингье Вангчук, 62 жашта
4 аялы бар
 
Түштүк Африканын экс-президенти Джейкоб Гедлейихлекиса Зума, 76 жашта
4 аялы бар
 
Бахрейн башчысы Хамад ибн Иса Аль Халифа, 68 жашта
4 аялы бар.
 
Ортонку Африка империясынын мурунку императору Жан Бедель Бокасса (1921-1996)
19 аялы болгон
 
Сауд Арабиясынын экс-королу Абдалла ибн Абдул-Азиз Аль Сауд (1924 - 2015)
30 аялы болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content14430



Добавить комментарий