2 миллион таба албаган кассир асылып өлдү

14 май 2018 22:43 8278 Barometr
Бөлүшүү:
ok
“Мөлдүр Тапина Казакстандын Караганда облосунда почта бөлүмүнүн кассири болуп эки ай жумуш иштеген. Бирок ушул убакыт аралыгында кызмат ордунан эки миллион теңге жоголуп, башчысы аны Мөлдүрдөн көргөн. Ушуга чыдай ылбай аял үйүндө асылып өлгөн”,-деп “NUR.KZ.” сайты билдирет.
Мөлдүрдүн туугандары анын өлүмүнө почто башчысы күнөлөп жатышат. Алардын айтуулары боюнча, табиятынан туюк келин жумушундагы бул көйгөйдү тиш жарып эч кимге айткан эмес, бирок акыркы убакта убайым тартып, жаман болуп жүргөнүн күйөөсү көргөн.
“900 миң теңге жетпей калган. Ошону Мөлдүргө төлөйсүн деп айткан. Күйөөңдү да жумуштан чыгарабыз деп айткан башчысы. Болбосо соттоп жиберебиз деген. Бүгүн бербесең жумуштан күйөөңдү чыгарабыз дептир", - дейт маркумдун жолдошу Аслан Турсунов.
Ал эми почто башчылары акчаны Мөлдүрдүн алганына күмөн саноода. Мунусун банкоматка акча толтуруу кезде урдалган сыяктуу.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14426



Добавить комментарий