Эң мыкты "RSK Bank Run the Silk Road 2018» марафону кандай болду?

14 май 2018 17:00 1672 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чолпон-Атада 12-майда олимпиада сыйлыгынын ээси Сатымкул Джуманазаровду эскерүүгө арналган «RSK Bank Run the Silk Road» деп аталган VII эл аралык Ысык-Көл марафону өткөрүлдү. 

Марафондун титулдук шериктеши «РСК Банк» болду.

Сатымкул Джуманазаров – жөө күлүк, 1980-жылы өткөн Олимпиданын жарыш боюнча коло медалынын ээси.    Олимпиадалык марафондун пьедесталына чыккан СССРдин жалгыз жөө күлүгү. Ал 2:11:35 жыйынтыгы менен үчүнчү болуп келген. 1981-жылы Токиодогу марафондо 5-орунду алган.   

«RSK Bank Run the Silk Road» - жарышты сүйүүчүлөрдүн жана дени сак жашоо образын алып жүргөндөрдүн арасындагы жыл сайын өтүүчү эң ири спорттук иш-чара. Анда он эки өлкөдөн келген эки жарым миңден ашык спортчу 3 жана 10 чакырымдык жарышка жана 21 чакырымдык жарым марафонго, ошондой эле 42 чакырымдык марафонго катышты. Спорттук жүрүштүн старты жана марасы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында болду.   

Марафондун максаты:

дени сак жашоо образына үгүттөө, калкты дене тарбия жана спорт менен дайыма машыгууга чакыруу;

алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден спортчулар  менен туристтерди тартуу;

эл аралык спорттук жана туризм байланыштарын өнүктүрүү, Кыргызстандагы күчтүү жөө күлүктөрдү аныктоо;

Кыргызстандын таза суусу менен табиятынын кооздугун даңазалоо.

Марафондун байге фонду жарым миллион сомдон ашык болду.

Анын катышуучуларынын арасында банктын жүз элүүдөн ашык кызматкерлеринен турган «РСК Банк» ачык акционердик коомунун чоң командасы дагы болду.

«РСК Банктын» башында Башкаруу төрагасы Азизбек Оморкулов турган командасы жөө жарышка катышып жана ар кандай аралыкта өз күчтөрүн сынашты.   

Марафон башталар алдында “РСК Банк” ААКынын башкаруу төрагасы Азизбек Оморкулов баардык катышуучуларга ийгиликтерди каалап өттү:

- «РСК Банк»  ААКнын атынан мен олимпиада сыйлыгынын ээси Сатымкул Джуманазаровдун элесине арналган эң ири «RSK Bank Run the Silk Road»  VII эл аралык Ысык-Көл марафону спорттук иш-чарасына кош келипсиздер дейт элем.   

Биздин банк экинчи жылы катары менен Ысык-Көл марафонунун шериктеши болуп келет. Марафондун титулдук шериктеши болгонубуз биз үчүн чоң урмат жана ири жоопкерчилик. Бүгүнкү спорттук майрам жогорку деңгээлде өтөт жана эң жакшы жагынан эсте калат деген ишенимдемин.

Башында Мелис Надыров турган эл аралык марафондун дирекциясы бул иш-чаранын уюштуруучусу болду. Иш-чаранын коноктору жана катышуучулары үчүн бүтүндөй шоу-программа даярдалган, жарыштын катышуучулары атайын токтоочу жайларда өз күчтөрүн чыңдап алууга шарт түзүлдү, ошондой эле баардык дистанцияда тез медициналык жардам унаалары нөөмөттө турушту. Марафонго ЖМК жана коомчулук өкүлдөрү тарабынан абдан чоң кызыгуу пайда болду. Анткени Ысык-Көл марафонунун популярдуулугу жыл сайын жогорулап жатат.

Титулдук шериктеш катары «РСК Банк» марафондун жарнамалык жана полиграфиялык колдоосун Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы ат майданында да, ЖМКда дагы көрсөттү.

Мындан тышкары «РСК Банк» марафондун баардык катышуучуларына баштапкы пакеттерди даярдап, кийим менен жабдыды.

Жарышка катышкан «РСК Банктын» кызматкерлери өздөрүнүн жеке рекордорун жаңылашты, эң сонун маанайга  ээ болушту жана келерки жыл үчүн шыктанышты!

Жакынкы аралыкта социалдык тармактардагы өзүнүн баракчасына РСК Банк иш-чарадан абдан мыкты видео отчет жарыялайт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14417



Добавить комментарий