Бетине кычкыл төгүлгөн кыз операциядан кийин сулууга айланды (фото)
Бөлүшүү:
21 жаштагы Решам Хан өз сулуулугу менен жигиттердин кызыгуусуна ээ болууда. Бирок буга чейин сулуунун башына оор жайгдай келген. Белгисиз бирөө өнөр академиясынын бүтүрүчүсүнүн түрүн таанылгыс кылып, бетине кычкыл чачып жиберишкен. Бул тууралуу “fishki.net” сайты билдирет.

Решам Хан өнөр академиясындагы окуусу менен бирге модель болуп кошумча иштеп келген. Өзүнүн табигый сулуулугунун артынан эркектер арасында көптөгөн сүйүүсүн арнагандар болго эле.
Алардын бири жоопсуз махабаттын кесепетинен кыздын бетин адам таныгыс кылгысы келип, Решанын бетине кычкыл чачып жиберген.

Бул окуядан кийин кыз оор узак убакытты өткөрүп, өз-өзүнө келе алган эмес. Алгачкы үч айда үйүнөн чыкпай, сулуулугунан таптакыр кол жуумдум деп ойлогон.
Решам Хан өзүнүн окуядан кийинки абалын социалдык тармактан окурмандары менен бөлүшүп турду. Ал керек болсо жакын жердеги дүкөнгө баргандан уяларын жазган.
Бирок, беш ай убакыт өткөндөн кийин дарыгерлердин эмгеги менен кесиптик жасалган пластикалы операциянын аркасында кыздын келбети калыбына келген.
21 жаштагы кыздын достору анын операциясы үчүн керектүү сумманы топтоп, жардам көрсөтүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content14403
Добавить комментарий ×