Ак-талаалыктардын көпүрөсү жок, суу кечип өтүшүүдө (видео)
Бөлүшүү:
Нарын областынын Ак-Талаа районунун тургундары бийликке кайрылуу жолдоду.
Алардын айтымында, нөшөрлөгөн жаандан улам Нарын суусунун деңгээли көтөрүлүп, ал аркылуу салынган көпүрө акыркы эки жылдан бери толук курулуп бүтпөй жатат. Жергиликтүү тургундар бул көпүрө сырт мнен байланыштыра турган жалгыз жол экенин белгилешет.
“Биз көптөн бери чыдап жатабыз, Ак-Талаа районунун борборуна жетиш үчүн Бишкекке барчудай эле жолду жүрөбүз. Кош бойлуулар менен улгайгандар кантет?”,-деп нааразы болушууда жергиликтүү тургундар.
Ссылка: https://barometr.kg/content14402
Добавить комментарий ×