Сооронбай Жээнбеков Сочиге кимдер менен кетти?
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Россиянын Сочи шаарына барган президент Сооронбай Жээнбековду коштоп барган делегациясынын курамы.
Расмий делегация:
- Президент Сооронбай Жээнбеков,
-Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев,
-Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков,
-Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков,
-Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев,
-Экономика министри Олег Панкратов,
-Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов.
Эскерте кетсек, жогоруда аталган жыйында Бирликтин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо маселелери талкууланат.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу болжолдонууда. Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык спектрин, ошондой эле евразиялык мейкиндикте интеграциялык өз ара аракеттенишүүнү алдыга жылдыруу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
Мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбеков Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушат.
Ссылка: https://barometr.kg/content14396
Добавить комментарий ×