Сүйүнчү төлөп бериш үчүн жыл сайын 700 млн сом керек

14 май 2018 11:41 579 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Балага сүйүнчү бериш үчүн жылына 700 млн сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу бүгүн  Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында айтылды.  

Комитетте ЖКнын “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды карап турган адамдардын эмгек акысы тууралуу” токтом долбоору каралууда.

Депутат Акылбек Жапаров («Бир Бол»)  өлкө даректүү социалдык көмөк боюнча иштеши керектигин айтты. 

«Биз сүйүнчүнү колунда барларга деле, муктаж болуп жаткандарга деле төлөп берип жатабыз. Жыл сайын буга 700 млн сом керектелет, ошол эле маалда биз мүмкүнчүлүгү чектелгендерди багып караган тараптарга 470 миллион сом таппай жатабыз”,-деп белгиледи депутат. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2018-жылдын февраль айынан бери ар бир балага сүйүнчү берилүүдө, бир жолу бериле турган акчанын көлөмү 4 миң сом.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14389



Добавить комментарий