Өзгөн районунда 18 үйдү суу каптады
Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында катуу жааган жаандан улам 18 үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып, Коммунист тилкесинде 15 турак үйдүн короосун каптап, 1 турак үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле Тынчтык айылында 3 турак үйдүн короосун каптаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине Өзгөн райондук бөлүм башчысы, райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 1 жүктөгүч, №53-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Мырзаке айыл аймагынан тартылган 1 даана жүктөгүч менен Кандава каналынын суусун Жазы дарыясына буруу иши жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content14387
Добавить комментарий ×