14-май: нөшөрлөгөн жамгыр жаайт

14 май 2018 07:14 715 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Туруксуз аба ырайы 16-майга чейин созулат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

14-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 22 метрге жетет.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 15...20,

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили нөшөр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 18...20.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14374



Добавить комментарий