Израильдик ырчы «Евровидение-2018» сынагын жеңди
Бөлүшүү:
Ишенби күнү «Евровидение» сынагынын финалдык шоусу өттү. «Toy» аттуу ыры менен израильдин атынан чыккан катышуучу Нетта «Евровидение-2018» ыр сынагында жеңишке жетти. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат булагы билдирет.
Ушул жылы «Rising Star» улуттук конкурсун жеңип алган израильдик ырчы Нетта «Евровидение» конкурсуна катышууга мүмкүнчүлүк алган.
Анын «Toy» аттуу ыры белгилүүлүккө ээ болду. Керек болсо ырдын расмий клиби “YouTube” каналында 26 миллиондон ашкан көрөрман жыйнаган. Бул клиптин мазмуну өз-өзүнө каршы адилетсиз карым-катнашта болгон адамдарга арналып тартылган.
Быйылкы жылы «Евровидение» алгачкы ирет Португалияда “Altice” аренасындагы улуттук сейил бакта өтту. Быйлыкы жылы сынак «All Aboard!» урааны менен өтүп, дизайны океан темасына шай келди. Чоң концертте 26 өлкөнүн катышуучулары катышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content14373
Добавить комментарий ×