Колу жок жигит тагдырга каршы туруп, атактуу сүрөтчү болду
Бөлүшүү:
25 жаштагы Мариуш Кедзерский адам эмнени каласа, ага кол жеткирүүгө мүмкүндүгү жетерин баарына далилдеди. Кооз сүрөттөрдү тартып, дүйнө жүзүн аралап, керек болсо “YouTube”да атайы каналды башкарган жигит өзүнүн кыялына кол жеткирди. Бул тууралуу “Life.ru” сайты билдирет.
Таланттуу сүрөтчүнүн картиналары дүйнөнүн баардык бөлүктөрүнөн кездештирүүгө болот. Жаш жигит Польша, Австрия, Улуу Британия, Германия жана Түркиядагы көргөзмөгө катышты. Жөнөкөй сүрөтчү үчүн да бул чоң жетиштик болот. Бирок Мариуш бардык жетиштикке колу жок жетти. Жаш сүрөтчү дүйнөгө келгенде бир колунун жарымы, ал эми экинчи колу билегине чейин гана бар. Бирок мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан анын толук кандуу өмүр сүрүүсүнө эч тосколдук жаратпайт.

Ар дайым көңүлдүү жүргөн сүрөтчү жөн гана сүрөттөрдү тартып койбойт, ал аны гиперреализм жанрында жаратат. Ал эми бул өнөр чоң дыкаттык менен ар бир затка деген майда-чүйдө көңулдү талап кылат. Анын эмгектери калың журтту таң калтырууда. Бүгүнкү күндө дүйнөгө белгилүү сүрөтчүнүн Мэрилин Монро, Грейс Келли, Джонни Депп жана башкалардын картиналарынын баары өтө кооз тартылган.

Сүрөтчүнүн кыялы, Нью-Йоркто жеке көргөзмөсүн өткөрүү экен. Тагдыр ушундай чыдаймкайлуулукка карщы тура алган эмес. Кыялына кол жеткирген жигиттин картиналары эми “Caelum Gallery” галереясынан көрүүгө болот. Ошондой эле, талантынын аркасында жетиштикке жеткен сүрөтчүнүн жеке сайты жана “Facebook”та атайы бараакчасы бар. Анда анын баракчасына болжол менен 72 миң адам катталган.



Ссылка: https://barometr.kg/content14372
Добавить комментарий ×