Малика Дина Еркебулан Токтарга сүйүү ырын жазды (фото)
Социалдык баракчага ырчы Малика Дина казак актёру Еркебулан Токтар менен түшкөн сүрөтүн жарыяланды.
Ага “Твоя любовь это так красиво” деген ыр жазылган. Окурмандар эки жашка бакыт каалашууда. Малика Дина менен Эркебулан Токтар ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын тоюнда чогуу түшкөн сүрөттөрүн Инстрагарм баракчасына жарыялап жатышат жана экөо биргелешип баракча ачты.
Буга чейин тактап айтканда март айында эки жаштын чогуу түшкөн сүрөтү талкуу чордонуна түшкөн. Алардын ортосундагы сүйүү мамилеси ачыкка чыкты деген билдирүүлөрдү Малика четке кагып "Мен Алматыга иш-чарага барган элем. Ошол семинарга казак актёру, досум Еркебулан дагы келген. Иш-чарадан чыккандан кийин шаар аралап, сүрөткө түшүп койгонбуз. Жөн эле сүрөт. Андан сүйүү одасын же сүйүү романын токуунун кереги жок", - деп билдирген.
Ырчы ага чейин казак актёру Еркебуланды клибине тартып, 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүн Алматы шаарында чогуу тосушкан эле.
Ссылка: https://barometr.kg/content14366
Добавить комментарий ×