Бишкекте документи жок айдоочу 18 жаштагы кызды сүздү (видео)
Бөлүшүү:
Бишкекте тиешелүү документтери жок унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү койдуруп кетти. Андан соң унаа арыкка кулаган. Бул тууралуу Vesti.kg булагына Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашкан
Кырсык 10-майда саат 19:30 чамасында Тыналиева жана Баба Ата көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тойтота Опа унаасынын айдоочусу тиешелүү документтери жок рулду башкарып бара жатып 18 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Учурда кыз 4-шаардык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Иликтөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content14358
Добавить комментарий ×