Чынгыз Айтматовго «Өзбекстандын эл жазуучусу» наамы берилеби?
Бөлүшүү:
Ташкентте Чынгыз Айтматовго «Өзбекстандын эл жазуучусу» наамын берүү сунушталды. Белгилүү өзбек адабиятчысы, «Манас» эпосун өзбек тилине которгон жана изилдеген, «Өзбекстан-Кыргызстан» достук коомунун аткаруучу директору Зухритдин Исамутиновдун демилгеси менен жүзөгө ашырыла турган сунушка байланыштуу ал: «Адамзаттын рухани маданиятын, өзбек көркөм адабиятынын өнүктүрүүгө, ошондой эле, дүйнө элдеринин арасындагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Чынгыз Айтматовго «Өзбекстандын эл жазуучусу» наамын берүү адал болот эле», – деди.
Эскерте кетсек, президент Шавкат Мирзиёев улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын Өзбекстанда өткөрүү тууралуу сунушту кабыл алган эле.
Ссылка: https://barometr.kg/content14357
Добавить комментарий ×