Муфтият битир садаканын баасын аныктады
Бөлүшүү:
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы быйылкы жыл үчүн битир садаканын баасын аныктады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.
Быйыл садаканын эң аз өлчөмү 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасы менен берилет. Ар бир адам үчүн ушунча буудайдын наркы канча болсо ошончо садака берүү керек. Базарда буудайдын баасы 30 сомдон.
Бирок колунда бар бай адамдар 1 кг 600 грамм ун, мейиз же 3 кг 200 грамм ун жана курманын эсебинде садака берсе да болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content14356
Добавить комментарий ×