Жаш жигит сүйүктүү кызы менен коштошуу үчүн миллион акча берген

12 май 2018 15:02 3740 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Кытайдын Ханчжоу шаарында жаш жигит мурун жүргөн сүйлөшкөн кызы менен коштошуу үчүн миллиондогон каражат төлөгөн.
Ал 2 млн юаньды чамаданга салып, кафеге алып келген. Чамаданды таштап, өзү кетип калган. Бирок кыз бул сумманы аз деп, ал да таштап кетип калган. Ал эми чамадан кафеде калып калган.
Эртең менен чамаданды кафенин кызматкерлери таап алышып, полиция чакырышкан. Укук коргоо органдары анын кимге таандык экенин аныктап, ээсине кайтарып беришкен.
 
Кытайда «эң жакшы жылдарын арнаганы үчүн» кыздарга мурунку жигиттеринен акча талап кылууга мүмкүндүк берген салт бар. Муну жигит да талап кыла алат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14352



Добавить комментарий