Ошто банк кызматкерлери сыйланды

12 май 2017 09:10 634 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 11-майда Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында  Кыргызстандын банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардагы банк тармагында эмгектенген жетекчилер жана кызматкерлер катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн банк системасы дүйнөлүк кризистин тийгизген таасирлерине карабай, өзүнүн динамикалуу өнүгүшүн улантып жатат десем жаңылышпайм. Коммерциялык  банктар жана микрокредиттик уюмдар тарабынан калкка, чарба жүргүзүүчү субъекттерге кредит берүүнүн көлөмү көбөйүп жатат.

Ошондой эле, банктар тарабынан кредиттик портфелин жана депозитин көбөйтүү, накталай эмес эсептешүү системасын киргизүү боюнча да бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Бул жетишкендиктерге жетишүү негизинен бул тармакта иштеген кызматкерлердин билимине, иш тажрыйбасына, кардарларга жасаган мамилесине жараша болот. Банк тармагында көп жылдан бери эмгектенишип, шаарыбыздын экономикалык жактан өнүгүшүнө өздөрүнүн барандуу салымын кошуп келе жаткан кызматкерлерибиз көп”,-деди З.Аскаров.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө  элге жасаган ак ниет эмгеги жана Ош шаарында банк системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн бир катар банк кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланды.

Айта кетсек, 1993-жылдын 10-майында улуттук валютабыз- сом киргизилген. Ошол күнөн тартып, 10-май Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү катары бергиленип келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content1435



Добавить комментарий