АКШ Иранга карата санкцияларын кеңейтти

12 май 2018 09:29 641 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вашингтон Иранга карата санкцияларын кеңейтти. Тиешелүү документ АКШ Каржы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Санкциялык тизмеге “Ислам революциясынын сакчылары” корпусуна катышы бар делген алты киши жана төрт компания кирди.

8-майда АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгарын билдирген. Ал макулдашуунун алкагында токтотулган санкциялар кайра жанданарын эскерткен.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Ссылка: https://barometr.kg/content14338



Добавить комментарий