Миллиардердин кызы атасынын көзү өтөр менен той өткөрдү (видео)

12 май 2018 10:12 1112 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Америкалык миллиардер Мэттью Меллондун кызы Араминта өзүнүн 16 жашка толгонун белгилеп, дүркүрөтүп той берген. Бойжеткен кыз керек болсо атасынын каза болгонуна бир жума мурун жерге бергенин да унутуп койгон. Бул тууралуу “Dni.ru” сайты маалымдайт.
Криптовалюта аркылуу байлыкка жеткен миллиардер узак убакыт бою баңгизатка көз карандуулук менен күрөшүп келген. Мэттью 16-апрель күнү 54 жашында көз жумган. Үй-бүлөсундө кайгылуу жагдай болгонуна карбастан, анын улуу кызы Араминта пландап жүргөн туулган күнүнөн баш тарткан эмес.
Туулган күн ээси кечеге 200гө жакын адам чакырган, анын ичинде белгилүү рэпер Тррэвиса Скотта да болгон.
Араминта – Мэттью Меллон менен анын биринчи аялы Jimmy Choo брэндинин негиздөөчүсү Тамаранын жалгыз кызы.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14334



Добавить комментарий