Украина парламенти «Жеңиш күнүн» 8 майга алмаштырды
Бөлүшүү:
Армениянын артынан 11-майда Украинанын Жогорку Радасы «Жеңиш күнүн» 8-майга алмаштырды. Мыйзамдын жобосун парламентке депутат Андрей Денисенко сунуштаган. Парламент сайтында жарыялангандай, 10-майда гана сунушталган мыйзамга 11-майда өзгөрүү киргизүү макулдашылды. Жана майрамдык күндү «Европада нацизмди Жеңген күн жана эске алуу менен келишим күнү» деп аташкан.
Эскерте кетсек, 8-майда Армения Парламенти Премьер-министр кылып шайлаган оппозиция өкүлү Никол Пашинян 9-майдагы Жеңиш күн майрамын 8-майга алмаштырып, “Аза тутуу жана элдешүү күнү” деп атоого жарлык чыгарган.
«Жеңиш күнү» аталган майрамдык датанын убакыты Улуу Ата Мекендик согушта СССР менен фашистик Германия арасындагы Капитуляцияга кол коюлган маал Москва убакытысы менен 9-май түнкү саат бир. Рейхстаг жергиликтүү убакыт менен 8-май кечки 11:00 эле.
Ссылка: https://barometr.kg/content14333
Добавить комментарий ×