Назира Айтбекова: Акырын бутумдун учу менен барып эрге тием

11 май 2018 17:21 9264 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү теле алып баруучу, “Эл эмне дейт” долбоорунун башкы каармандарынын ролун аткаруучу Назира Айтбекова соцтармактагы кезектеги тамашалуу посту менен окурмандарын күлкүгө салды.

“Эмдигиде эрге тийип калсам, жар салбай эле, силерди тажатпай акырыыыын эле бутумдун учу менен барып тийип коеюн ээ? Кандай дейсиңер? Тийейин дедим эле. Тийгени атам. Тийдим. Тийип бүттүм дегенимдин деле кереги жок го ээ? Не дедиңер?”,-деп жазды Назира Айтбекова өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына.

Бул постко Айтбекованын күйөрмандары ар кандай пикирлерди калтырып жатышат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14328



Добавить комментарий