Белгилүү футболчу 5 жаштагы баласын зордуктап, андан соң өлтүргөн

11 май 2018 18:00 262 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Аргентинанын үчүнчү лигасындагы “Defensores de Belgrano” футбол командасынын оюнчусу Гонсало Агирре беш жаштагы өгөй баласын зордуктап, өлтүрдү деген айып менен кармалды. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат булагы билдирет.
Тергөө маалыматтары боюнча, 22 жаштагы футболчу Буэнос-Айрес шаарынын четинде кармалган. Бала каза болгондон кийин футболчу анын ваннага кулап, каттуу соккунун кесепетинен өлүп калганын айткан. Бирок 5 жашар баланын сөөгүн ачканда аны бирөө каттуу урганы жана  сексуалдык кыйноого алынганы аныкталган. Аягында Агирре өз күнөсүн мойунга алды”,-деп жазат “Sin Embargo” порталы.
“Defensores de Belgrano” клубу жарым жылдан бери машыгууга келбей жүргөн оюнчу менен келишим шартты бузганын кабарлады.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14327



Добавить комментарий