Орозонун качан башталары такталып жатат
Бөлүшүү:
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Рамазан айында кармала турган орозонун качан башталары тууралуу жакында маалымат берет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Орозонун качан башталары Айдын чыгышына карата белгилүү болот, Аалымдар кеңеши орозонун календарын түзөт. Ислам дининде Орозо айт күнү жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Бүгүн жыйын болуп, бул маселе аныкталат", - деп маалымдашты басма сөз кызматынан.
Орозо айынын башталышы болжол менен 15-май деп айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content14322
Добавить комментарий ×