Рысбек Акматбаев: Аллах өз каалгасын жапкан адам

11 май 2018 14:49 9271 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мындан туура 12 жыл мурда, 2006-жылы 10-майда киши өлтүргүчтөр өз мезгилиндеги эң таасирдүү адамдардын бири Рысбек Акматбаевди атып кетишкен. Кылмыш ишинин бети ушул күнгө чейин ачыла элек, ким өлтүрткөнү дагы жана өлтүрүүгө эмне себеп болгону да белгисиз. Бул өзгөчө  адамдын тагдыры сырга, тобокелдикке жана трагедияга толгон.    

Баатырбы же болбосо Робин Гудбу?

Акматбаев Чолпон-Ата шаарында туулган, бирок көлдүн башка тарабында жайгашкан Тоң районунун жашоочулары “анын түпкү ата-теги бизден кеткен” деп тастыкташат.

“Мен Эр Табылдынын түз тукумумун. Уруум Катаган, ал Манастагы Кошойдун уруусу. Менин ата-бабамдын баары жоокер, баатыр болгон”,-деп билдирген Акматбаев маектеринин биринде.

Тоң районунда Эр-Табылды баатырдын эстелиги курулган. Жергиликтүү элдин айтымында, бул эстеликти Рысбек Акматбаев салдырган.

Журналисттер ага кайрымдуулугуна, капа болгондорго, жарды жакырларга жардам бергендигине, баңгизат менен күрөшүнө байланыштуу таптакыр  башкача ысым, легендарлуу Робин Гуд деген каймана ат коюшкан. Бирок Акматбаев бул атты жактырчу эмес.

“Мен Кыргызстан үчүн эмне кылып коюпмун? Эч нерсе. Биз болгону туура жашоого аракет кылып жатабыз. Билсеңер бизди Робин Гуд деп аташкандарына уялам”,-деген ал ЖМКга берген маегинде.

Балким Акматбаев өз мезгилинен кеч жарык дүйнөгө келгендир. 200 жыл мурда туулган болсо аны күнөөлөгөн иштери үчүн чыны менен баатыр атанмак.  

2006-жылы Акматбаевдин өлүмүнөн кийин  ошол кезде Ички иштер министри болуп турган Муратбек Суталинов болгон маегинде “Ал өзүн  өлтүргүсү келгендер менен гана иштешчү” деп айткан.   

Бандабы же жасалма бандабы?   

Милициянын ыкчам документтеринде Акматбаев “амалкөй, акылдуу, оң жак бутуна сылтып басат, сырткы келбетин өзгөртүүгө ынгайлашкан (жасалма чач, мурут, кыска сакал, кара көз айнек тагынып жүрөт)”,-деп жазылган.   

КР ИИМдин маалыматтарына ылайык, крим төбөл Акматбаевдин кылмыштуу тобуна 70тен ашуун адам кирген.

Көп учурда Акматбаевди колдоп жүргөндөрдүн бири Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) төрагасы Таштемир Айтбаев болгон деп жүрүшөт. Ал ошол кездеги эң таасирдүү аткаминерлердин бири болгон, ИИМди жана УККны жетектеп турган. Мындай жогорку кызматтарга аны Совет мезгилинде азыркы бажы башчысы Кубанычбек Кулматовдун атасы Кенеш Кулматов алып келген деп жүрүшөт. Ал эми Айтбаевдин өзү ошол кезде жаңы эле институтту аяктаган өзүнүн классташы Аскар Акаевге лабораториядан жумуш табууга көмөктөшкөн деп жүрүшөт.

Балким чындыгында алардын кандайдыр бир байланышы болгондур, анткени Акматбаевдин  премьер-министр Феликс Куловго каршы уюштурган, эл алдына президент Курманбек Бакиев чыккан чуулгандуу митингинде анын артында турган Акматбаев менен Айтбаев бири бирине ыктай калышып сүйлөшкөнү байкалган.

Мындан тышкары ошол кездеги саясатчылар Феликс Кулов, Кубанычбек Байболов жана Өмурбек Бабановдор “криминал менен байланышты” деп Айтбаевдитн кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

2006-жылы 10-майда Таштемир Айтбаев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагалыгынан алынган, ал эми ошол күнү кечинде Рысбек Акматбаевди атып кетишкен.

Анан калса Акматбаевдин өзүнүн айткандарына караганда советтик учурда ал жашыруун диверсиялык бөлүмдөрдө кызмат өтөгөн.   

 

Атайын бөлүктөрдүн жашыруун атайын бөлүктөрдү жана ыкчам согушкер бандаларды түзүү практикасы бар. Аларды жасалма уюшкан кылмыштуу топ же жасалма банда деп коюшат. Мындай топтордун башында атайын кызматтын мурдагы башчылары турган. Алар чыныгы уюшкан кылмыштуу топтун башчылары менен мүчөлөрүн жок кылуу тапшырмаларын аткарышкан. Бирок кээде мындай бандалар андан ары  “ишине” кызыгып кетишип, күч органдарынын көзөмөлүнөн чыгып кетет да, кадимки кылмышкерлерге айланып баарын талкалай баштайт.   

Ким билет, балким башында Акматбаевдин тобу да атайын кызматтар тарабынан жасалма банда катары түзүлгөндүр? Аларды саясатчылар менен болгон өз маселелерин чечүүгө колдонушкандыр?

Милициянын полковниги,  2003-жылы 5-майда Акматбаев өзү өлтүргөн деп жүрүшкөн Чыныбек Алиев, кийинки күнү 6-майда президент Аскар Акавдин кабыл алуусунда болуп, жогорку даражалуу күч органдарынын кызматкерлери боюнча компроматтарды бермек деп айтылат.

Дагы бир эсте калганы Акматбаевдин өлүмүнөн кийин анын бандасынын мүчөлөрүнүн бири, мурдагы милиционер Зикирбаев оппозициячыларды уурдап кеткен. Милиция Зикирбаевди кармаганда анын жанынан Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери гана куралдана турган добушу жок автоматтык тапанча - АПБ табылган.

Андан кийин Зикирбаев Биринчи май райондук сотунун имаратынан кайтарып турган аскерлерди атып, алдын ала план боюнча качып чыккан. Эки аптадан кийин УККнын  атайын “Алфа” тобунун аскерлери кармоо учурунда Зикирбаевди атып өлтүрүшкөн.   

Дагы бир ИИМдин маалыматына таянсак, Акматбаевдин тобунда Свердлов районунун мурдагы кызматкери болгон, ал кафеден адамды сабап, ал каза тапкан, бирок кызматкер жазадан качып кутулган. Мурдагы милиция Акматбаевдин мүчөлөрү менен жакын мамиледе болуп, алардын ар кандай тапшырмаларын аткарып УККда тааныштары болгон, ошондой эле УККнын мурдагы орун басары Борис Полуэктовдун колдоосуна ээ болгон.

Эгерде жогоруда аталгандардын баары дал келүүчүлүк болсо-бул анда абдан көп дал келүүчүлүк.

Акматбаев өзүнө тагылган күнөөлөрдү мойнуна албай “Кыргызстанда жасалган кылмыштардын баарын мага шылташат”,-деп айткан.

Акматбаевдин айтымында өзүнүн каршылаштарынын бири мыйзамдагы ууру аталган Азиза Батукаев “ИИМдин долбоору” болгон.

 “Аны ИИМ мага каршы туруш үчүн мыйзамдагы ууру кылды. Биз аларды катырак деп коебуз. Эгер ал лагерге түшүп калса ким татыктуумун деп өзүн эсептей турган болсо аны өлтүрмөк, ошондуктан аны эч жакка чыгарышкан жок. Ал зордуктоо беренеси менен отурган, Токмокто 14 жаштагы кызды өлтүргөн. Бул иштери үчүн лагерде аны өлтүрүшмөк. Аны эмне үчүн өлтүрбөй коюшканын баамдап жатсаңыздар керек. Ал алгачкы күндөн баштап эле менттер менен иштеген”,-деп маек берген Акматбаев ЖМКга.

Өлүмдөн кийинки жашоо

Акматбаев өзүн Кудайга ишенген адам деп эсептеген жана көп учурда Алаах тууралуу, акырет тууралуу айтып жүргөн.   

Аны атып кетишкенге чейин бир апта калганда шакирттеринин бири Исмаил Кочкаров ЖМКга телефон чалып, белгилүү саясатчы аны өлтүргүлө деп буйрук бергенин кабарлаган. Балким кабарчылар бул тууралуу макала жасашканда тапшырык берүүчүлөр буйрукту токтотушмак жана Акматбаевдин тагдыры башкача чечилмек. Бирок Кочкаровго ишенишкен эмес...

Белгисиз адамдар Акматбаев мечиттен чыгып келе жатканда атып кетишкен. Уламыштар боюнча мөндүрдөй жааган октон  дагы эле тирүү калган Акматбаев артка, мечитти көздөй качкан жана мечиттин каалгасын түрткүлөй баштаган. Бирок ал ичкериден сыртка карай ачылган, башкача айтканда ал ичкери кириш үчүн каалганы өзүнө тартыш керек эле. Ал каалганы ача албай калган жана дагы бир ирет текшериш үчүн аткан октон каза тапкан. Ушундай кийин эл “Аллах анын алдында өз каалгаларын жапты” дешкен.

Ушул күнгө чейин көп адамдар ал тирүү деп ишенишет, ал тууралуу ойлошот, айтышат жана жазышат. Балким анын өлгөндөн кийинки жашоого ишениши ушундай жол менен ишке ашкандыр - Акматбаев уламыш болуп кала берди.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14313



Добавить комментарий