Кыздарынан жаш көрүнгөн 43төгү аялга алардын жигиттери көз салууда

11 май 2018 12:11 1115 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Манчестердин тургуну Сара Ниблок 43 жашта болсо да, 20 жаштагы кыздай көрүнөт. Ал – 22, 20 жана 18 жаштагы үч кыздын энеси.  Сара кыздары менен  бирге көчөдө сейилдеп жүргөндө, төрт сулууну көргөн жигиттер суктанып карашат. Бул тууралуу “Mirror” басылымасы билдирет.
Чоң кызы Холлинин достору Сараны анын энеси эмес, эжеси деп ойлошот. Ал аялдын 43тө экенин билгенде таң калышып, жаш жана сулуу көрүнөрүн айтышат.
«Кыздарым менин жаш көрүнгөнүмдөн уялышпайт. Алар сүрөтүмдү досторуна көрсөтүшөт. Өз учурунда достору менин 43 жашта экениме ишене алышпайт. Ал эми дүкөндө ар дайым документимди көрсөтүүмдү сурашат. Мага ушундай жаш көрунгөн жагат», – дейт Сара Ниблок.
Сара сырткы келбетин күткөндү жакшы көрөт. Ал үчүн акчасын аябайт. Бирок ал терисине инъекция жасатканын жашырбайт. Ал жаш көрүнүү үчүн ушул процедуранын жардамына жүгурөт. Ал эми чоң жана сулуу эринин табияттын сыйы деп билет.
«Мен жарым жылда бир жолу инъекция жасатамын. Бирогк кыздарым бул процедураны жасатууга уруксат беришпейт. Алар азыр жаш. Мен аларды 17 жашка чыкканча боёнууга уруксаат берген жокмун. Алар табигый сулуулугун болушунча узак сактаганын каалаймын», – дейт Сара Ниблок.

Ссылка: https://barometr.kg/content14305



Добавить комментарий