Бекетте бычакталган 19 жаштагы жигиттин сүрөтү жарыяланды (фото)

11 май 2018 12:07 8081 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда 7-майда болжол менен саат 10:30да белгисиз адам жаш жигитти бычактап өлтүргөн.

Эскерте кетсек, эки эркек 7-майда автобекетте маршрутка күтүп турган. 24 жаштагы жигит мас болуп алып келип 19 жаштагы жигит менен талашып-тартыша кеткен. Экөө айтыша кетип мас болгон киши жаш жигитти бычак менен сайып салган. Ал окуя болгон жерде көз жумган.

Бүгүн Facebookтун колдонуучусу Данияр Дурусбеков каза тапкан жаш жигиттин сүрөтүн социалдык түйүндөргө жарыялады.

Ссылка: https://barometr.kg/content14304



Добавить комментарий