«Алтынкен» Кеминдин ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады

11 май 2018 11:53 745 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Алтынкен» компаниясы Чүй областынын Кемин районунда жашаган Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларын Улуу Жеңиштин күнү менен куттуктады.

2018-жылы 8-майда Кемин районунун «Алтынкен» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Чжан Хуйхуэй, Кемин районунун Жумгалбек Дуйшебаевдер ардагерлер Иван Брянский жана Алексей Тятовдордон кабар алышты.

Иван Екимович Брянский 1927-жылы Бурятияда туулган, 1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган, адегенде снайперлер полкунда, андан соң мото аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Батыш Европаны бошоткон, Япония менен аскердик аракеттерге катышкан.1971-жылы Кыргыз ССРиндеги Орловка шаарчасына келген.   

Ал эми Алексей Петрович Тятов Орловкада туулуп өскөн, 91 жашта. Согуш маалында танк полкунда чалгынчы болуп кызмат өтөгөн, Корея жана Германияда согушкан, Манчжурия менен Монголияны япон баскычыларынын бошоткон. Жубайы менен 66 жыл бирге жашап эки бала, төрт небере, төрт чөбөрөлүү болгон.     

Ардагерлер менен жолугушкан учурда «Алтынкен» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Чжан дүйнөнү фашизмден куткарууга кошкон алардын салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана ардагерлерге чың ден соолук, узун өмүр каалады. Директор ошондой эле ардагерлерге акчалай сыйлык жана азык-түлүк тапшырды.

Аким Дуйшебаев өз кезегинде Кемин району боюнча азыр учурда  болгону Улуу Ата мекендик согушка катышкан төрт адам калса, анын экөө Орловка айылында жашап жатканын белгилеп өттү.  

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14303



Добавить комментарий