Экс-энергетика министри Шадиевдин бухгалтери ТВЕАда иштеген
Бөлүшүү:
Экс-энергетика министри Аскарбек Шадиевдин бухгалтери Бишкек ТЭЦинин модернизациясын ишке ашырган Кытайдын ТВЕА компаниясынын бухгалтери болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин Бишкек ТЭЦин жаңылоо жана авария боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди.
Депутат модернизациялоо боюнча долбоордун эң эле башында эле коррупция болгонун жана укук коргоо органдары бул маселени териштириши керектигин айтты.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Шадиевге карата Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content14283
Добавить комментарий ×