Депутаттык комиссия: ТЭЦке ТВЕАны Сапар Исаков алып келген
Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иштерине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрү хронологияны сунушташты.
Хронология
Kaktusmedia маалымдагандай 2012-жылы өкмөт ТЭЦти жаңылоого инвестор издей баштаган, анткени энергетикалык тармактагы жагдай абдан оор болгон. Анан калса бюджеттин тартыштыгын эске алганда андан каражат алып чыгууга мүмкүн эмес эле.
Кыргызстан курамына биздин өлкө Казакстан жана Өзбекстан кирген энергетикалык шакекчеден толук бойдон көз каранды болчу. Кыргызстандын түндүгү электр энергиясын коңшу өлкөлөрдүн электр берүү линиялары менен гана алчу, анткени Кыргызстандын электр энергиясы ал кезде өлкөнүн түштүгүндө гана өндүрүлүп, ал эми Кыргызстандын өзүнүн көз карандысыз линиясы болгон эмес. Ал учурда “Кемин” подстанциясы жана “Датка-Кемин”, “Түштүк-Датка” электр берүү линиялары курула элек болчу.
Кыш мезгилиндеги күч келүү сааттарында коңшу өлкөлөр өзүнүн абоненттерин электр энергиясы менен камсыз кылыш үчүн чектөө киргизип жатышкан. Кыргызстан дагы электр энергиясын кыйгас өчүрүүгө мажбур болуп, ошондой эле аймактар боюнча электрди колдонууга лимит киргизген. Анан калса Казакстан Кыргызстанга газ жеткирүү жана башка саясий маселелер келип чыкканда оңунан чечилбесе энергетикалык шакекчеден чыгам деп шарт коюп турган. Коңшу өлкө энергетикалык шакекчеден чыккан учурда Кыргызстандын түндүгү электр энергиясыз калмак жана өлкөдө энергетикалык коллапс келип чыкмак. Буга байланыштуу Кыргызстан көп учурда айрым шарттарга макул болууга мажбур болгон. Жыл сайын күз-кыш мезгили келген кезде жогорку даражалуу чиновниктер коңшу өлкөлөргө барып жана алардын баардык шарттарына макул болууга аргасыз эле.
Ал кезде түзүлгөн жагдай улуттун коопсуздугуна коркунуч жаратчу. Анткени Кыргызстан өлкөнүн кызыкчылыктарына карама-каршы келген шарттарга макул болууга мажбур эле. ТЭЦти жаңылоо бул маселенин бир бөлүгүн чечмек, тактап айтканда жылуулук станциясында кошумча 300 мегаватт электр энергиясы иштелип чыкмак. Мындайча айтканда Кыргызстандын түндүгү түштүктөгү ГЭСтерде иштелип чыккан энергия бериле турган "Датка-Кемин", "Түштүк-Датка" электр берүү линияларында авария болгон учурда да жарыксыз калмак эмес.
ТЭЦке инвестор издеп жатышкан 2012-жылдагы окуяларга кайтып келели.
Анда эмесе хронологияга токтолсок
Ошол маалда Энергетика жана өнөр жай министри болуп Аскарбек Шадиев дайындалган.
Инвестор дароо эле чыккан жок, бирок сунуштагандар да болду.
Негизинен Россиянын "Интер РАО ЕЭС" компаниясы жылына 15 пайыздык үстөк менен 518 млн долларлык коммерциялык насыя сунуштады, бирок анын ордуна «Бишкек жылуулук түйүндөрүн» жеке менчикке берүү талабын койду. Негизги талап жылуулукка карата тарифтерди көтөрүү болду.
Ошондой эле Кытай тарап жылына 2,8 пайыз жылдык үстөк менен жеңилдетилген насыя сунуштады.
Шарты-иш аткаруучу уюм Кытайдын компаниясы болуш керек дешти.
Өкмөттүк деңгээлде кытайлык тараптын сунушун кабыл алуу чечими жактырылды, анткени россиялык тарап сунуштап жаткан жылуулукка бааны кымбаттатуу талабы ишке ашса коомчулуктун чыңалуусун пайда кылмак.
Сүйлөшүүлөр кызыган учур
Ушундан кийин 2012-жылы 26-сентябрда Кытайдын «СМЕС» мамлекеттик компаниясынын өкүлдөрү Бишкек ТЭЦи менен объекти модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында таанышып чыгышты.
2012-жылы 28-ноябрда СМЕС “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна модернизациялоо боюнча техникалык тапшырманы сунуштады.
2012-жылы 3-декабрда “Электр станциялары” СМЕСтен каржылык шарттарды жазып берүүнү сурады.
2012-жылы 6-декабрда “Электр станциялары” менен СМЕСтин ортосунда кызматташтык жөнүндө протоколдун долбооруна кол коюлду.
30-январдан 4-февралга чейин Тайырбек Сарпашев вице-премьер болуп турган учурда Кытайдын насыясын алуу боюнча, анын ичинде Бишкек ТЭЦин жаңылоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүш үчүн Кытайга барат.
2013-жылы 1-февралда “Электр станциялары” менен ТЭЦти модернизациялоо боюнча кызматташтык жана кытай насыяларын тартып келүү боюнча меморандумга кол коюлган.
Кытайдын эксперттери ТЭЦти модернизациялоону изилдеп чыгууга макулдашат. Энергетика жана өнөр жай министри болуп бул учурда Автандил Калмамбетов дайындалган.
СМЕС менен бир катарда эле “Электр станциялары” Кытайдын башка компаниясы болгон ТВЕА менен сүйлөшүү жүргүзөт.
2013-жылы 13-февралда “Электр станциялары” СМЕСтен кат алган, анда мындан ары компаниянын атынан Казакстандагы компаниянын өкүлүнүн башчысы Ербол Етекбай сүйлөшүү жүргүзөрү айтылган.
Ал өз кезегинде СМЕС койгон бир нече шартты сунуштайт, анда айтылат:
· Кытайдын каржы институттары тарабынан 10 жылдык мөөнөткө насыя берүү;
· тапшырык берүүчүгө долбоордун баасынын 15 пайызын алдына ала төлөп берүү;
· электр энергиясын экспорттоодон түшкөн акчаны күрөөгө кармап туруу.
Үчүнчү пунктта “жарыла турган мина” бар болчу, Кытайдын СМЕС компаниясы Кыргызстандын Казакстанга электр энергиясын экспорттоосун талап кылган, ал эми түшкөн каражат күрөө катары алардын эсебине которулуп турмак.
Кийинчерээк ЖМКда СМЕСтин өкүлү Ербол Етекбаевдин банк насыяларына байланышкан алдамчылыкка карата козголгон кылмыш ишинин негизинде Казакстанда кармалгандыгы тууралуу байланышкан чатак кызыган.
Ошого карабай CMЕС менен сүйлөшүүлөр улантылган.
2013-жылы 20-февралда “Электр станциялары” техникалык сунуштун иштелип чыккан вариантын алган. Бирок документтин каржылык бөлүгү болгон эмес.
2013-жылы 7-мартта “Электр станцияларынын” башчысы Саладин Авазов Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго кат жазып, анда СМЕС, ТВЕА жана Россиянын "Интер РАО" компаниясы Бишкек ТЭЦин модернизациялоого кызыкдар экенин жана баардык компаниялар менен меморандумга кол коюлганын маалымдаган.
Ошондой эле катта Кытай тараптын насыя берүүгө даяр экенин эске алуу менен жеңилдетилген насыяга колдоо көрсөтүүнү суранычы да жазылган.
2013-жылы 13-мартта Энергетика министринин орун басары Айбек Калиев “Электр станциялары” ачык акцонердик коомуна 25-мартка чейин Бишкек ТЭЦин жаңылоо боюнча долбоордо конкреттүү механизмдерди жана инвесторлорду тандоо критерийлерин иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жөнөтөт.
2013-жылы 20-мартта ТВЕА “Электр станцияларына” Бишкек ТЭЦин медренизациялоо боюнча техникалык сунушту жөнөтөт, ошондой эле компания Кытайдын “Эксимбанкынын” жеңилдетилген насыясын алууга алдын ала шарттарын айтат.
26-мартта ошол кезде өкмөт башчы болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев Энергетика министри Автандил Калмамбетовго ТЭЦти жаңылоо боюнча сунушту берүүнү тапшырат.
2013-жылы 9-апрелде “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башчысы Салайдин Авазов Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго, ошондой эле президенттин аппаратынын эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун атына кат жазып Бишкек ТЭЦин модернизациялоо сунушу жөнүндө маалымдайт. Ал компания долбоорду акыркы аягына чейин ишке ашырууну сунуштап жатканын белгилейт. Авазов “Электр станцияларын ТВЕА компаниясы менен кызматтыштык жөнүндө маселеде колдоого алууну өтүнөт.
Документ тиркелет.
2013-жылы 19-апрелде “Электр станцияларынын” башчысы Салайдин Авазов Энергетика министри Автандил Калмамбетовго кат жазып өкүлдөр Бишкек ТЭЦине келишкенин компаниялардын ортосунда орток пикир табылса келишимге кол коюуга даяр экенин айтат. Ошондой эле ТВЕА Кыргызстандын өкмөтү Бишкек ТЭЦин жаңылоого ШКУнун линиясы боюнча Кытайдын каржы институттарынан жеңилдетилген насыя ала ала турганын айтканы маалымдалат.
Ушул эле катта Кыргызстанга июнь айында Кытайдын башчысы келе турганы жана контрактык келишим даяр болсо “Датка Кемин” келишиминдей документке кол коюуга боло турганы айтылат. Авазов Калмамбетовдон Бишкек ТЭЦин жаңылоого насыя алуу маселесин өкмөттүн жыйынына алып чыгууну суранат.
Документ тиркелет.
2013-жылы 26-апрелде “Электр станцияларынын” өкүлдөрү жана ТВЕАнын өкүлдөрү жумушчу жолугушуу өткөрүп, Бишкек ТЭЦин модеринизациялоо долбоорун ишке ашыруунун техникалык жагын талкуулашат жана компаниялар ортосунда контрактык келишим түзүлүп кала турган жагдайда кандай параметрлер керектелерин сүйлөшөт.
Документ тиркелет
2013-жылы 29-апрелде ТВЕА “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна каржы шарттарын жана 396 млн доллардык баа сунушун сунуштайт жана ошондой эле компания техникалык сунушун берет.
Документ тиркелет.
2013-жылы 4-майда Кытайдын элчилиги Кытай өкмөтүнүн атынан КРнын Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтөт. Анда Кытай ТВЕАны Кытайдын компанияларынын арасында Бишкек шаарынын ТЭЦин жаңылай турган жалгыз аткаруучу катары сунуштары айтылат. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри дагы эле Автандил Калмамбетов болуп турган.
2013-жылы май айынын ортосунда президенттин аппаратынын тышкы саясат жана каржылык экономикалык анализ боюнча бөлүмдөрүнүн башчылары Сапар Исаков жана Нурсулу Ахметова президенттин атына ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоордун алкагында кандай жумуштар аткарылып жатканы тууралуу кеңири баяндаган кат жөнөтүшөт.
Анда өздөрүнүн баа шарттарын айткан үч компания: СМЕС, ТВЕА жана "Интер РАО" менен маселе чечилип жатканы айтылат.
Интер РАО - 518 млн доллар, ТВЕА - бааны арзандатуу мүмкүндүгү менен 390 млн долларды сунуштап жаткан белгиленет. Баа сунуштарына келе турган болсок, чиновниктер жазган катта Россиянын компаниясы башка компанияларга караганда кымбат сунуш айтып жатканы экени белгиленет.
ТВЕАнын сунушу боюнча 2013-жылы 13-майда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүндө КЭР менен КРнын соода өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө Кытай тарап ТВЕА тарабынан сунушталып жаткан долбоордун баасын арзандатуу мүмкүндүгүн кабарлашканы дагы катта көрсөтүлгөн. Бул катта ТВЕА “Электр станциялары” көрсөткөн документтеги 396 млн. доллардан айырмаланып 390 млн долларды сунуштап жатканы дагы баяндалган.
Чиновниктерлин жазган катында жакынкы убакытта Кытайдын башчысынын Кыргызстанга жасй турган сунушун эске алуу менен Бишкек ТЭЦин модеринизациялоо жана реконструкциялоо боюнча жеңилдетилген насыяны алуу иштерин баштоо керектиги дагы белгиленет.
Катта ошондой президенттен Энергетика жана өнөр жай министрлигине, андан тышкары “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна долбоордун баасын арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тапшырма берүүнү суранышат.
2013-жылы 24-майда президент Энергетика жана өнөр жай министрлигине долбоор боюнча сунушту карап чыгып жана сунуш алып келүү тапшырмасын берет. Президенттин тапшырмасына президенттик аппараттын бөлүм башчыларынын жогоруда аталган каты дагы тиркелет.
Бул учурда Энергетика жана өнөр жай министрлигине Осмонбек Артыкбаевдин дайындалганына эки күн болгон.
Жаңы дайындалган энергетика министри бул тармакты көзөмөлдөөнү орун басары Айбек Калиевге тапшырат.
2013-жылы 28-майда президентин аталган тапшырмасына ылайык Энергетика жана өнөр жай министрлигинде министрдин орун басары Айбек Калиев тарабынан даярдалган жыйын болуп, анда ТВЕАны жалгыз иш аткаруучу катары сунуштаган Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин сунуштамасын, президенттин тапшырмасын, президенттин аппаратынын катка жазылган позициясын эске алуу менен ТВЕАнын сунушун кабыл алуу чечими чыгарылат.
Жыйындын стенограммасы (стиль жана орфография сакталды):
"Жыйында Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев президентин аппараты ТВЕА менен сүйлөшүү жүргүзүү тапшырмасын бергенин, Кытай Бишкек ТЭЦинин модернизациялоо боюнча жалгыз иш аткаруучу катары компанияны сунуштап жатканын айтты.
“Электр станцияларынын” башчысы Салайдин Авазов ТВЕАнын сунушу көбүрөөк ылайыктуу экенин жана аны кабыл алуу зарыл экенин айтты.
“Электр станцияларынын” башчысынын орун басары Абдылда Исраилов модернизация керек экенин, анткени акыркы 10 жылда эле 100 млн доллар ремонт иштерине кеткенин белгилеп өттү. “Электр станцияларынын” башычысынын орун басары Назаров ТВЕАнын сунушу кабыл алынса, бардык документтерди ШКУнун саммитине чейин даярдоо зарыл экенин белгиледи. Ал Россиянын компаниясы сунуштап жаткан 512 млн доллар кымбат экенин, ал эми ТВЕА ТЭЦтин ишмердигине чыгым алып келбеген долбоорду сунуштап жатканын кошумчалады.
“Электр станцияларынын” башчысынын орун басары Аскарбек Кайбалиев Каржы министрлиги “Эксимбанк” менен өкмөт Бишкек ТЭЦин жаңылоого насыя алышты пландап жатканын жана “Электр станциялары” ААКына насыя бериш үчүн жеңилдетилген насыяны 2,5 пайызга чейин арзандатуу жөнүндө ишти карап жатканын белгиледи.
ТЭЦтин башчысы Андрей Воропаев жаңылоо иштери абдан зарыл экенин, жабдуулардын 70-75 пайызы эскиргенин айтып жана жаңылоо сунушун колдоду.
Бөлүм башчылар Орозалиев менен Стамалиев да ТВЕА менен кызматташууну колдоого алышты. Тарифтер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Айдарова насыяны кайтарып берүүнү тездетиш үчүн бааны кымбаттатуу зарылдыгы боюнча маселени кароо керектигин айтты.
Анын жыйынтыгы менен ТВЕАнын сунушун көбүрөөк ыңгайлуу сунуш катары кабыл алып, ТЭЦти реконструкциялоо жана насыя алып келүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу, долбоордун баасын арзандатуу жана келишим долбоорун иштеп чыга турган ведомстволор аралык топ түзүү чечими кабыл алынды.
2013-жылы 30-майда Энергетика жана өнөр жай министри өкмөт башчынын жана президенттин атына кат жолдоп, ТВЕАнын сунушун кабыл алуу боюнча “Электр станцияларынын” позициясын колдошконун маалымдайт. Чечим Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жыйынында ведомство жетекчилеринин, “Электр станцияларынын” жана башка жоопкер тараптардын катышуусунда кабыл алынган.
(Кол койгондордун тизмеси. Документтин өзү)
2013-жылы 5-июнда жогору турган бийликтин жетекчиси өзүнүн макулдугун билдирет жана Энергетика министрлигине, Каржы министрине, КРнын Тышкы иштер министрлигине, “Электр станцияларына” андан аркы ишти уюштурууга тапшырма берет.
2013-жылы 10-июнда Кытай Кыргызстандын ТИМине кайрадан нота жөнөтөт жана Кытай ШКУнун линиясы боюнча жеңилдетилген насыя берилип калган учурда ТВЕАны жалгыз иш аткаруучу катары сунуштарын билдирет.
2013-жылы 27-июнда “Электр станциялары” менен ТВЕА жолугушуп Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо иштери эл аралык стандарттар менен болууга тийиш экендиги тууралуу чечимди кабыл алышат.
2013-жылы 4-июлда “Электр станциялары” компаниянын токтому менен ТВЕАнын 392 млн доллар көлөмүндөгү сунушун кабыл алат, тактап айтканда, ТВЕАнын сунушуна макул болот.
Документ тиркелет
2013-жылы 5-июлда Энергетика министрлиги ТВЕА менен 386 млн долларга чейин бааны арзандатууга макулдашат.
Бул кандай болгон:
5-июлда эртең менен Энергетика жана өнөр жай министрлиги ведомствонун ”Электр станцияларынын” жана Бишкек ТЭЦинин жетекчилигинин катышуусу менен жыйын өткөргөн.
Стенограмма (стиль жана орфография сакталды)
Жыйындын маалында “Электр станцияларынын” башчысы Салайдин Авазов ТВЕА менен болгон сүйлөшүүнүн жүрүшүндө долбоордун баасы 390, 5 млн долларга чейин арзандатылганын белгилеп өттү.
Калиев сүйлөшүүнүн башкы максатына жетишилгенин- баанын арзандатууга макул болушканын белгилеп өттү. Өкмөттүн жарлыгынын тиешелүү долбоорун даярдоо жана макулдашуу кажет.
Жыйындын соңунда келишим долбоорун 2013-жылдын 9-июлуна чейин даярдоо чечими кабыл алынды.
Жыйын аяктагандан кийин Кытайдын делегациясынын ТВЕАнын өкүлдөрүнүн, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Стенограмма
Жолугушууда Артыкбаев “Электр станциялары” менен Бишкек ТЭЦинин адистери алдын ала эсепти карап чыгышып ТВЕА компаниясынын ишмердүүлүк масштабын, ошондой эле жаңылоо ишинде компания өзүнүн жабдууларын колдонорун эске алуу менен, реконструкциянын баасын арзандатса болот деп эсептешерин айтып долбоордун баасын арзандатууну талап кылды.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар долбоордун баасын 386 млн долларга чейин төмөндөтүүгө макулдашты.
Тизме. Документ
2013-жылы 8 июлда КРнын өкмөтүнүн тиешелүү жарлыгы чыкты.
Өкмөттүн жарлыгына ылайык ТВЕА менен долбоорду каржылоо шарттарын сүйлөшүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.
Тизме. Буйрук.
2013-жылы 11-июлда башкы дирекция ТВЕАнын 386 миллион доллар сунушун кабыл алууга макул болгон токтом чыгарат.
Документ
Ушул эле күнү ведомстволор аралык комиссия “Электр станциялары менен ТВЕАнын ортосундагы контрактык келишим долбоорун колдойт.
Документ
2013-жылы 16-июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Электр станцияларынын” акцияларын кармап туруучу катары контрактык келишимге макул болот жана компанияга келишимге кол коюу укугун берет.
Документ
2013-жылы 16-июлда ТВЕА менен “Электр станцияларынын” ортосунда 386 млн доллларлык контрактык келишимге кол коюлат.
2013-жылы 26-июлда Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек ТЭЦин жаңылоо боюнча экологиялык экспертизанын оң бүтүмүн берет.
Эми Бишкек ТЭЦин модернизациялоого кандайча насыя алуунун тарыхы.
2013-жылы 10-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине бир күн калганда парламенттин тиешелүу комитеттери Кыргызстандын өкмөтүнүн "Эксимбанктан" жылына 2 пайыздык үстөк менен 386 миллион доллар жеңилдетилген насыя алуусу боюнча келишим долбоорун колдойт жана анын негизинде Кыргызстандын өкмөтүнүн тиешелүү буйругу чыгат.
2013-жылы 11-сентябрда Эксимбанктын насыя келишимине Кыргызстандын өкмөтүнүн атынан Кыргызстандын каржы министри менен Кытайдын каржы министри кол коет.
Андан кийин келишим парламент тарабынан мыйзам катары эле ратификацияланган.
2013-жылдын соңунда мыйзам кабыл алынгандан кийин долборду ишке ашырууга даярдык көрүүнү башташкан. Жаңылоо 2014-жылдын соңунда гана башталган. Жаңылоо иштери жана колдонууга берүү 2017-жылы автугстта толук аяктаган.
Модернизациялоонун алкагындагы жаңы ТЭЦтин курулушуна “Электр станциялары” жана “Улуттук Энергохолдинг” түздөн-түз жооп берген.
Жаңы ТЭЦти модернизациялангандан кийин колдонууга өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия кабыл алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content14229
Добавить комментарий ×