Смартфонду кандай туура кубаттандыруу керек?
Бөлүшүү:
Адистер смартфон аккумуляторун кантип колдонуу керек экенин айтышты. Смартфондун кубаты 100 пайызга жеткирүү зыян болуп чыкты.
Адамдар адатта смартфондорун түнкү убакта кубаттап коюшат, бирок бул аккумуляторго зыян тийгизет. Ал 100 пайыз толгондо блоктор өчөт. Кийин аппарат аз-аздан зарядын жогото баштайт да, кайрадан кубатталат.
Андай учурда аккумулятор чыңалуу режимин ишке кошот. Анын кесепетинен батарея эскирет. Смартфондун кубаттоого 1,5-2 саат жетиштүү. Ошондуктан аны жумуш иштеп бүткөндөн кийин же ага чейин ишеткен оң.
Батареяны пайдалануунун негизги эрежеси – аны сууктан коргоп, аппараттын ысып кетүүсүн болтурбоо керек. Бул аккумулятордун гана эмес, смартфондун коопсуздугун камсыз кылат. Ошону менен бирге адистер телефонду 100 пайызга чейин жеткирип толтурбоого кеңеш беришет.
Анын эң туура кубатоо 40-80 пайыз аралыгында.
Ссылка: https://barometr.kg/content14224
Добавить комментарий ×