Премьер-министр Ош шаарында согуштун ардагеринен кабар алды

8 май 2018 15:11 565 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 7-май күнү премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муктар Нургазиевден кабар алышты.

Премьер-министр ардагерлерди алдыда келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, аларга Өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

«Сиздер жасаган эрдик өлбөйт. Ал кылымдар бою элдин эсинде жашай берет. Сиздердин кайратмандыгыңарды, баатырлыгыңарды баалоо, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүү- биздин ыйык милдетибиз болуп саналат», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ардагерлерге чың ден соолук, узун өмүр каалап, материалдык көмөк көрсөттү.

Ал эми, шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев ардагерге 10миң сом акча каражатын жана белектерин тапшырды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14222



Добавить комментарий