Мурдагы баш прокурор уулуна каршы көрсөтмө бере баштады

8 май 2018 14:50 1636 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Быйыл февралда камакка алынган Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров уулу Алишер Кадыровго каршы көрсөтмө бере баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын тергөө иши менен жакындан тааныш кызматкери билдирди.

Анын айтымында, Кадыров уулуна каршы апрелдин ортосунан тарта көрсөтмө бере баштаган. «Азырынча айыптоо эпизоддору тууралуу айтууга эрте. Анткени кылмыш иши абдан көлөмдүү. Тергөө иштери дагы узакка созулат», — деди прокурор кызматкери.

Ал Алишер Кадыров учурда издөөдө болгондуктан, атасынын көрсөтмөлөрүнүн чын экендигин текшерүү мүмкүн болбой жатканын кошумчалады. Ал ортодо өлкөнүн Ички иштер министрлигиндеги өз булак мурдагы баш прокурор ден соолугу начарлаганын айтып даттана баштаганын билдирди.

Быйыл 22-февралда кармалган Рашид Кадыровго карата кызмат абалын ашыкча пайдалануу, пара алуу жана опузалап акча талап кылуу беренелери боюнча айыптар тагылган.

Башкы прокуратураны 15 жыл жетектеген 66 жаштагы Рашид Кадыров 2015-жылы мартта кызматтан алынган. ИИМ анын уулу Алишер Кадыровду быйыл марттын башында эл аралык издөөгө жарыялаган. ​Ал опузалап акча талап кылуу жана алдамчылык беренелери боюнча шектелүүдө.

Башкы прокуратурадагы булактардын маалыматына караганда, Рашид Кадыров менен анын уулунун мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган адамдар тарабынан жалпысынан жарым миллиард АКШ доллары өлчөмүндөгү суммага доо арыз жазылган. Учурда бул иштин алкагында Өзбекстанда «ондогон мурдагы жана азыркы чиновниктер» сурак берип жатканы айтылууда.

Президент Шавкат Мирзиёев 17-мартта Самарканд облусундагы сапары маалында Рашид Кадыров ай сайын кол алдындагы адамдардан ири суммада пара алып келгендиги үчүн камалганын айткан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14220



Добавить комментарий