Ысык-Көлдөгү «Аврора» санаторийинде чет өлкөлүктөр ууланды
Ысык-Көлдөгү «Аврора» санаторийнде 16 адам, анын ичинде чет өлкөлүк спортчулар ууланды. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Малик Мамбетов жергиликтүү маалымат агенттигине кабарлаган.
Анын айтымында, кечке жуук ооруканага 16 адам тамак-аштан ууланып кайрылган. Анын ичинде жети чет элдик спортчу бар, калгандары пансионаттын ашканасында иштеген кызматкерлер.
“Алар Чолпон-Атанын ооруканасында жатат, жагдайлары турукташып калды. Спортчулардын абалы да жакшы, Аларга жеринде дарылоо жүргүзүлүүдө. Жагдай көзөмөлдө”,-деп билдирди башкы врач.
Эскерте кетсек, 5-майдан 12-майга чейин Чолпон-Атада кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content14212
Добавить комментарий ×