Коңурук тарткан адам уктап жатып өлүп калуусу мүмкүн

8 май 2018 12:40 1305 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коңурук тарткан адам уктап жатып өлүп калуусу мүмкүн. Бул тууралуу россиялык профессор, медцина илимдеринин доктору Роман Бузунов айтты. Анын айтуусу боюнча, органикалык жана органикалык эмес уйку болот. Органиклык эмес уйкуга уйкусуздукту киргизүүгө болот. Ал стресттен улам болот. Дарыгер кандай учурда дарыгерге кайрылуу керек экенин айтты Бузунов “Sputnik” радиосына берген маегинде. «Уйкусуздук – бұл диагноз эмес, бул белги. Адам уктай албай, уктаса ойгонуп кетип, туура уктай албайт. Бул жумасына үч күн кайталанса, дарыгерге кайрылуу керек», – деди ал. Уйкунун органикалык түрүнө адамдын коңурук тартуусу кирет. “Адам коңурук тартканда дем жетпей калуусу мүмкүн. Коңурук башталганда адамдын деми токтойт. Кээ бир учурда дем жетишпеген адам көпкөк болуп кетиши мүмкүн. Мындай учур  түнү менен 500 ирет кайталанышы мүмкүн. Адам 8 саат уктаса, анын 4 саатында дем албаган болушу мүмкүн. Анткени, коңурук тартканда адамдын деми токтоп турат», – деди Бузунов  

Ссылка: https://barometr.kg/content14210



Добавить комментарий