46 жыл бою гамбургер менен тамактанган адам тууралуу (видео)

8 май 2018 11:05 1044 Barometr
Бөлүшүү:
ok
АКШдагы Висконсин штатынын тургуну Дон Горске өз өмүрүндө 30 миң гамбургер жеп, Гиннесс китептеринин жаңы рекордун орнотту. Бул тууралуу “WBAY” каналы маалымдайт.
Ал гамбургерди алгачкы ирет 1972-жылдын май айында жеп көргөн. Анын айтуусу боюнча, ал убактан бери анын жеген тамактарынын 90 пайызы гамбургерден турган экен. Ушунча жыл ичинде ал сүйүктүү тамагын 8 күн гана жебегенин айтты.
Дон Горске 46 жыл бою күнүнө аз дегенде 2 гамбургер жеген. Ушул убакыт ичинде ал аталган фаст-фудка 80 миң доллар жумшаган.
64 жаштагы адамдын айтуусу боюнча, анын кан басымы менен холестериндин деңгээли калыптуу экен. Ошону менен бирге ал ар дайым дарыгерлерге кайрылып турат.
Бирок анын психикалык жактан жабыр тартары белгилүү болду.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14196



Добавить комментарий