18 жаштагы кыз лотереядан өмүрүнүн аягына чейин жете турган акча утуп алды
Бөлүшүү:
Канаданын тургуну лотереядан өмүрүнүн аягына чейин жете турган акча утуп алды. Ага утуштун эки нускасы сунушталган. Бул тууралуу “BBC News” маалымат булагы билдирет.
Шарли Лагарде эрезеге жеткен курагын тойломок болуп бир бөтөлкө шампан менен лотерея билетин сатып алып жеңүүчү аталды.
Кызга 2 нуска сунушталды: дароо 1 миллион канада долларын алуу же болбосо өмүрүнүн аягына чейин жумасына 1000 канада долларына ээ болуу.
Шарли каржы кеңеши менен акылдашып жумасына 1000 канада долларын алууну тура көргөн.
Ал бул акчаны саякатоого менен билим алуга жумшарын айткан.
“Мен фотографтын окусун окугум келет. Менин кыялым – журналдарга саякат тууралуу сүрөттөрдү түшүрүү”, – дейт ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content14185
Добавить комментарий ×