Өкмөт өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча ишмердүүлүктү карайт

11 май 2017 09:00 322 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүп, анда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү каралат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

 

Мындан сырткары күн тартибинде 2017-жылдын январь-март айларына өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы да талкууланат. Ошондой эле Өкмөттүк жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «КР Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом»  долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеши» тууралуу токтомунун долбоору да каралмакчы. Аны менен катар Бажы биримдигиндеги/ЕАЭБ техникалык регламенттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселе да талкууланат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content1417



Добавить комментарий