Ысык-Көл областына кар жаады

7 май 2018 13:36 784 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл областынын Жыргалан айылында май айынын ортосунда кар жаады. Бул тууралуу сүрөттү Facebook социалдык түйүнүнө Шахта-Джыргалан айыл округунун башчысы Талгат Мукалаев жарыялады.  

Айылдыктар бул жакшы жышаан, быйыл түшүм жакшы болот деп болжошууда. Мукалаев бул өрөөндө аба ырайынын мындай кескин өзгөрүшү кадыресе көрүнүш экенин кошумчалады.

Жыргалан айылы Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда жайгашкан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14167



Добавить комментарий