Жаш кызды зордукталгандан кийин, айылдаштары тирүүлөй өрттөп ташташты
Бөлүшүү:
Нью-Делиде полиция жаш өспүрүм кыздын ишине байланыштуу тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Полициянын болжому боюнча, бир топ эркек 16 жаштагы уурдап кетип, аны зордукташкан. Андан кийин айылдын тургундары зордукталган кызды өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу “CNN” маалымат булагы кабарлайт.
Кайгылуу окуя Индиянын түштүк-чыгышындагы Джаркханд штатындагы айылда болгон.
16 жаштагы кыз үйлөнүү тоюна конок болуп барган. Андан соң аны белгисиз эркектер уурдап кетишип, жакын жердеги токойго алып барышкан. Полиция билдиргендей кызды бир нече адам зордуктаган.
Кызынын абалын билгенден кийин ата-энеси полицияга кайрылышкан. Бул ишке байланыштуу деп 15-20 адам кармалган. Кармалгандардын арасында айылдык кеңештин төрагасы да бар.
«Азыркы убакта тартип сакчыларынын тергөө амалдарына катыштуу медициналык текшерүүнүн кортундусун күтүп жатабыз. Сот чечиминин адал болооруна ишенебиз», – дейт Кумар Сингх.
Ал эми айылдык кеңеш аталган окуяга катыштуу бардык адамдарды 50 000 рупи айып пул салган.
Бирок, айылдын жашоочулары айып пулдун өлчөмүн көп санап, наразычылык танытышууда. Дал ушул себептен алар кыздын ата-энесинин үйүнө чабуул жасашып, үйүн өрттөп жиберишкен. Белгилүү болгондой, алардын кызы үйдү өрттөгөн кезде үйдө болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content14158
Добавить комментарий ×