Жумушсуз аял байкоосуздан 7 миң доллар акчасын “чаевыйга” берип алган
Бөлүшүү:
Францияда жашап жаткан россиялык аял байкоосуздан “чаевыйга” 7,7 доллар акча таштап кеткен. Ал швейцариялык кафеден болгону кофе менен жарты торт сатып алган. Бул тууралуу чет элдик “Blick” басылмасы маалымдайт.
Олеся Шемякова счетту төлөө учурунда тапшырыш баасынын ордуна картасынын “PIN” кодун жазып жиберген.
Окуя быйылкы жылдын февраль айында болгону менен аял катачылыгын кеч түшүнгөн.
“Өз көзүмө өзү ишене алган жокмун. Мен бул акчага Францияда бир нече ай жашай алат элем”, – дейт Шемякова.
Маалыматта белгилүү болгондой, аялга банк да, полиция да жардам бере алган эмес. Аягында аял кафенин башчысынан жардам сураган. Алар башында акчаны кайтарып берүүгө убада бергени менен кийин жооп берүүдөн баш тартышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content14143
Добавить комментарий ×