Мүмкүнчүлүгү чектелген сегиз баланы багып алган аял тууралуу (фото)
Бөлүшүү:
Дагестандын тургуну Мадинат Шахбулатова 8 инвалид баланы багып алды. Ал өз уулунун аман калганы үчүн кудайга тобоо келтирип, ушундай кадамга барган деп билдирет “sputniknews.kz.”
Бир нече жыл муруну баласы Рамазан атайы операция учурунда оор жаракат алып өмүр үчүн күрөшкөн. Ошол кезде Мадинат ушундан балам аман-эсен калса, ата-энеси таштап кеткен балдарды багып алам деп кудайга жалынган. Баласы жарым жыл ооруканада жатып дарыланып чыкты.

Ошондуктан энеси биринчи үч баланы, кийин беш жетим баланы асырап алган. Алардын баары мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
“Апам ушундай сөз берди, ошондуктан аны аткарганы туура деп эсептеймин”, – деди уулу.

Ссылка: https://barometr.kg/content14138
Добавить комментарий ×