Унаанын эшигин ачууга аракет кылган арстан туристерди качырды (видео)
Бөлүшүү:
Бронвин Хаттинг атуу турист Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркына барган кезде досторунун унаасына кирүүгө тырышкан арстанды видеого тартып алган. Бул тууралуу “You Tube” каналына жарыияланды.
Бронвин эртең мененки саат бештерде жол боюнан алты арстанды көргөнүн айтты. Ал анын башка унаада келе жаткан достору жырткычтарды сүрөткө тартып алууну каалашкан. Унаа акырын токтогондо жырткычтардын бири унаага жакын келип, тиши менен эшикти ачууга аракет кылган.
«Эшиктин эки жолу ачылып жабылшганын эки жолу уктук. Ал мурун да муну бир нече ирет жасаган сыяктуу көрүнөт. Айдоочу эшикти кулпулап салууга жетишкендиктен гана унаанын эшиги ачылган жок», – дейт Хаттинг.
Утулуп калган арстан жол тандабасты бир сыйра тегеренип чыккан. Унаанын эшигин ачууга аракет кылган арстандын жанына дагы бир жырткыч келгенде корккон турсттер тез арада кетип калууну тура көрүшкөн.
Белгилей кетсек, Крюгер улуттук паркы Түштүк Африканын түштүк-чыгышында орун алган. Анын аймагында болжол менен 1,5 миң арстан, 12 миң пил, 2,5 миң бука (буйвол) миң леопард жана 5 миң носорог мекендейт.
Ссылка: https://barometr.kg/content14137
Добавить комментарий ×