Оюн учурунда чагылган тийген футболчу көз жумду
Бөлүшүү:
«Марицбург Юнайтед» түштүк африкалык клубдун футболчусу Луанда Нцхангасеге чагылган тийип, каза болду. Бул тууралуу “Newtimes” порталы билдирет.
21 жаштагы футболчуну ушундан эки ай мурун оюн учурунда чагылган тийген эле. Ал көкүрөк тушунан күйүк алуу жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Ушул убакытка чейин ал медикаментоздуу комада жаткан.
Клуб башчысы Луанда Нцхангасени жерге берүү зыйнатын талкулоо үчүн анын туугандары менен кездешет.
Эскерте кетсек, 12-мартта Руандада чиркөөгө түшкөн чагылгандын кесепетинен 15 адам каза болгон. Ошондой эле, өткөн жылы Зимбабведе жамгырдан бактын алдында калкалап турган алты адамга чагылган тийип, алар да каза болушкан.
.jpg)
Ссылка: https://barometr.kg/content14124
Добавить комментарий ×