Рак клеткаларынын көбөйүүсүнө таасир берген зат

5 май 2018 12:41 5183 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бостон университетинин окумуштуулары кооптуу Т-клеткалуу лейкемиянын көбөйүшүнө таасир берген белокту аныкташты. Бул илдет менен ооруган балдардын 20 пайызы, чоңдордун 50 пайызы көз жумат. Изилдөө натыйжалары “EurekAlert” илимий журналында жарыяланды, деп билдирет “life.ru” сайты. Изилдөөлөргө шайкеш, зыяндуу шишиктердеги кооптуу протеинди 50 пайызга азайтуу шишиктин өсүүсүн токтотот. Медицина кызматкерлеринин маалыматына шайкеш, ооруган жерде “UFD1” протеининин көп болуусу лейкозду арттырат. Эгер зыяндуу шишиктердеги ушул кооптуу белоктун синтезине жооп бере турган гендерди активдүүлүгүн 50 пайызга төмөндөтсө, шишиктин өсүүсү токтойт. Белгилей кетсек,  лейкемия - кан системасынын зыяндуу шишик ооруларынын тобу.  

Ссылка: https://barometr.kg/content14117



Добавить комментарий