Кардарын кубанткысы келген чач тарач чачын өрттөп жиберди
Бөлүшүү:
Голландиядагы “Kapsalon” чач тарачынын негиздөөчүсү Кадир Демирель кардарынын чачын кайчысы жок «от менен» кантип кыркуу керек экенин көрсөттү. Бул тууралуу “Metro” сайты маалымдайт.
Интернетте жарыяланган видеодо чебер эркек кишинин башындагы чачын күйгүзүп, андан кийин аны суу менен өчүрүп, тарак менен тараган. Бул процедура чачтын формасы каалаган үлгүгө келгенге чейин бир нече ирет кайталанат.
39 жаштагы Кадир Демирелдин айтуусу боюнча, ал бул ыкманы Түркиядагы чеберчилик саатында үйрөнүп алган.
«Илгери бул ыкма менен биттерден арылышкан. Себеби ал кезде бүгүнкүндөй атайы каражаттар жок болчу. Ошону менен бирге, отту чачты жазуу же болбосо сулуулоо үчүн колдонулган. Себеби ал кезде атайы чач катыруучу куралдар болгон эмес. Жалпысынан менен отту оңой менен жатпай койгон чачтар үчүн жана чачтын учун иретке келтирүү үчүн колдономун. Ал эми соо чачтарга андан эч кандай зыян келбейт», - деди ал.
Демирель кошумчалагандай, кардарлардын арасында балдары да бар жана алар оттон коркушпайт, себеи алар өзүнүн чач тарачына ишенишет.
Ссылка: https://barometr.kg/content14116
Добавить комментарий ×