Түндүк-Казакстан облусунда 234 үйдү суу каптады

11 май 2017 10:00 338 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түндүк-Казакстан облусундагы суу ташкындын кесепетинен 234 үй суу алдында калып, дагы тогузу жарактан чыкты. Жазгы суу ташкындары башталгандан бери жалпысынан аймактын 17 калктуу конушундагы 380 үйдү суу каптаган. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Облус акиминин орун басары Антон Федяевдин айтымында, дем алыш күндөрү суу Долматов айылына жетип, бир канча үйдү каптаган. Андан соң Прибережное, Тепличный, Соколовка жана Борневка айылдарындагы турак-жайларды зыянга учураткан.

 

Акимдин орун басары аймакта суунун кирүүсү азайганын, жаңы ташкындардын болуу ыктымалдыгы төмөн экенин айтты.

 

Учурда эки эвакуациялык пункка 40 киши жайгаштырылган. Бийлик азык-түлүк жана кийим-кечеден турган гуманитардык жардам селден жабыркаган 341 үйгө жеткирилгенин билдирүүдө. Аларды ыктыярчылар эвакуациялык пункттардагы адамдарга да тарткатып жатышат.

 

Жергиликтүүлөр суу ташкынынан улам жарыксыз жана байланышсыз күн кечиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content1411



Добавить комментарий