Түркияда христиан динин өзгөртө турган Инжил табылды (видео)

4 май 2018 23:03 7956 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын археологдору Христиан дининин баардык канондоруна туура келбей турган Библияны таап алышты. Баалуу китеп мындан 1500 жыл мурда жазылган жана Анкарадагы акыйкат палатасына жашырылып коюлган.  

Китеп алтын тамгалар менен жука териге Иса пайгамбардын жолун улоочу Варнава тарабынан ассирия тилинде жазылган.

Ватикан  бул китепти канон деп эсептебей турганын жарыялады. Анткени Варнаванын жазгандары боюнча Иса Кудайдын уулу эмес болгону-пайгамбар. Ошондой эле китепте Иса пайгамбарды жыгачка керип кыйнаша электе эле асманга көтөрүлүп кеткени айтылат.  

Китеп Анкаранын Этнографиялык музейинде катуу күзөт менен кайтарылып турат. Анткени дүйнөдөгү бир катар ири инвесторлор баасы 30 миллион доллардан ашкан бул китепти сатып алууга абдан кызыгып жатышат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14103



Добавить комментарий