Шашылыш билдирүү: нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүүдө
Бөлүшүү:
6-7-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка караганда, 6-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерине, автоунаа каттамына, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине, жайытта мал багууга жолтоо болот.
6-7 майда нөшөр жаанга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content14099
Добавить комментарий ×