Беловодское айылында айыл өкмөт башчысы жоголуп кетти
Бөлүшүү:
Беловодское айылында айыл өкмөт башчысы Бакыт Толомушев жоголуп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттигине айыл өкмөттүн аппаратынан кабарлашкан.
Бүгүн чиновник райондун баардык активисттери, жергиликтүү депутаттар чакырылган ишембиликти өткөрүшү керек болгон. Бирок айыл өкмөт өзү келген эмес.
“Анын телефону өчүрүлүү, жубайы кайда кеткенин билбейт. Биз акты түздүк”,-деп кабарлашкан айыл өкмөттүн аппаратынан.
Эгер Бакыт Төлөмүшов кечке чейин келбесе акимчилик милицияга кайрылып издөө жарыялайт.
Ссылка: https://barometr.kg/content14098
Добавить комментарий ×